"Кумтөрдүн" 2014-жылкы кирешеси 110 миллион доллар экени айтылды

"Кумтөр" ишканасынын 2014-жылкы кирешеси 110 миллион доллар. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 26-февралдагы жыйынында билдирди. Өкмөт жетекчиси "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын, жетишкендиктер жана кемчиликтер бар экенин айтты. "Каржылык-экономикалык маселелер боюнча макулдаштык. Ишканадан 2014-жылы түшкөн 110 миллион доллар өлчөмүндөгү киреше 50х50 пайыздан бөлүнөт. Мындан тышкары жаңы ишкана ачык акционердик коом болуп түзүлөт. Ал эми экология жаатындагы айрым талаш-тартыштар аягына чейин чечиле элек, бирок 52 миллион доллар көлөмүндө экологиялык камсыздандыруу корун түзүү маселеси макулдашылды",- деди премьер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан