Бүгүн, 26-февралда өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү Тилек Азатовго 50 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам тапшырды. Буга чейин Т.Азатовго өкмөттүн резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү тууралуу буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Тилек Азатов 1996-жылы туулган, III топтогу майып, жаштайынан шал оорусу менен жабыркайт. Өспүрүм бала пенсиядагы энеси менен жашайт, атасы жок. Учурда Т.Азатов А.Токтоналиев атындагы Бишкек каржы-экономикалык техникумунда 1-курста окуйт.
Материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу чечим үй-бүлөнүн оор материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынганын билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.