Алмазбек Атамбаев А.Анапияевдин өлүмү боюнча: "Беларусь бийлиги көрүү үчүн Бакиевдер дагы кимди өлтүрүшү керек?"

Бүгүн, 26-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "кримавторитет" Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча билдирүү жасады. Президенттин билдирүүсүндө аталган кылмышка Бакиевдердин катыштыгы бардыгы, буга Беларусь бийлиги чара көрүшү керектиги айтылат. 
“Жакында чуулгандуу Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минскте жүргүзгөн кандуу криминалдуу “разборкалары” Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуста өздөрүн эч качан жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын толук ырастап отурат. Бул тууралуу кылмыштын күбөсүнүн жарыялаган көрсөтмөлөрү ачык-айкын далилдеп, Беларустун борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жан жөкөрлөрү А.Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.

Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана достук мамиледеги беларусь эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп терең ишенем.

Беларусь эли Хатынь кыштагындагы дүйнөнү титиреткен улуу трагедия болгон 1943-жылдын жазын унута албаган сыяктуу эле, кыргыз эли Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдарды аттырган 2010-жылдын жазын эч качан унута албайт.

Кыргыз өлкөсүндө бир тууган Бакиевдерди мыкаачы катары эскеришет. Бул канкорлор адамдарды тирүүлөй өрттөгөнү, журналисттерди бычактаганы, бизнесмендердин колу-буттарын сындыргандыгы, курмандыктарынын кулагын, мурдун кесип таштаганы элдин эсинде.

Беларусь бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларуста дагы кан төккөнүн уланта берет!

Дээрлик беш жылдан бери кыргыз өлкөсү Минсктен, эл аралык конвенцияларга ылайык, кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет. Анын ордуна Беларусь жетекчилиги Бишкектин мыйзамдуу талаптарын четке кагып келди. Ошол эле учурда биз ар дайым Беларуста бул бандиттердин жүргөнүн колдоп, улуттук паспортторду, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, мааракелери менен куттуктаганын ырастаган маалыматтарды алып турдук.

Минсктеги Бакиевдердин катышуусу менен өткөн криминалдык “разборкалар” Беларустун жетекчилери үчүн кооптуу белги болот деп ишенем. Анткени өлкөдө накта криминалдуу жана кылмыштуу элементтерди калкалоого байланыштуу жарандарынын коопсуздугуна шек келери талашсыз. Бул иш ошондой эле Беларустун имиджине дагы кара так түшүрөт.

Беларустун жетекчилиги мындан ары кыргыз өлкөсүндө карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди калкалабайт деп үмүттөнөм. Беларусь тараптын бул кылмыштарды катуу айыптоосу жана кыргыз өлкөсүнө адам өлтүргүчтөрдү кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Беларустун жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт деп ишенем”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан