Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Жаныш Бакиевди кыргыз жерине кайтарып берүү боюнча Беларусь мамлекетине кайрадан кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Интерпол тарабынан издөөгө алынган КРнын жараны Алманбет Анапияевдин Беларусь мамлекетинде киши колдуу болуп каза болгонуна байланыштуу жана бул иш боюнча күбө катары суракка алынган Гүлжгит Абилазизовдун көрсөтмөсүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Беларусь бийлигинен Жаныш Бакиевди жана башка изделип жаткандарды колго түшүрүп, экстрадициялоо боюнча кайрылган.
Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн
Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берип,
Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөттү.