Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга салынган үйдүн батирлерин бөлүштүрүүдө теңсиздик болууда. Бул тууралуу 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бөдөш Мамырова билдирип, бул боюнча жарандар арыз менен кайрылышканын айтты.
"Бул маселеге өкмөт көңүл буруп, окуянын чоо-жайын иликтеши керек" деген Мамырова бир катар мисалдарды келтирип, дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам өспүрүм балдар жабыркап жатканын кошумчалады. "Жакында дарыгерлер бир баланын ооруган көзүнө эмес, соо көзүнө операция жасап салышканы айтылды. Бул эмне дегендик? Эми алар күнөөлөрүн моюнга албай жатышат",- дейт депутат.