Экономика министрлиги Алай районунун Кабылан-Көл айылына таза суу чыгарууда эл тарабынан чогултулушу керек болгон 5 пайыздык төлөмдү сот аркылуу өндүрүп алууга аракет кылып жатат. Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында депутат Абдыманап Кутушев билдирип, министрлик мындай аракетин токтотушу керектигин айтты. "Учурунда аталган айылды таза суу менен камсыздоо иши колго алынып, банктардын биринин каржылоосу менен таза суу чыгарылган экен. Бирок таза суу системи бир жылдан кийин иштебей калган. Эми Экономика министрлиги аталган долбоорго эл тарабынан чогултулушу керек болгон 5 пайыздык төлөмдү сот аркылуу өндүрүп алганы жатат, бул туура эмес”,- дейт Кутушев.