Бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында "Кумтөр" долбоору талкууланууда. Депутат Феликс Кулов өкмөткө "Кумтөр" маселесин чечкенге 9-апрелге чейин мөөнөт берүүнү сунуштады.
"Өкмөт "Кумтөр" маселесин эки жол менен чече алат. Биринчиси - биргелешкен ишкананы түзүү. Экинчиси - улутташтыруу. "Эгер улатташтырсак, ишкана токтоп калат" деген туура эмес маалыматтарды айрым басылмалар жазышкан. Бизде деле бул кенди өндүрө ала турган ишканалар бар.
Айтып коёюн, мен улутташтырууну колдобойм. Мен компромисттик чечимди колдойм. Бирок канадалыктар менен келишимге келүүдө мамлекеттик кызыкчылык эске алынбаса, анда улутташтырууга аргасызбыз. Улутташтырган соң 131 миллион долларды компенсациялоого туура келет, бирок жылдар ичинде биздин соттошууга акыбыз бар. Ошондой эле сотко 3 миллиард доллар боюнча утурлама доо арыз менен кайрыла алабыз. Ошондуктан өкмөт улутташтыруудан эч коркпой, өз позициясына бекем турушу керек. Эгер өкмөт 9-апрелге чейин "Кумтөр" боюнча улуттук кызыкчылыкка жооп бербеген келишимге келсе же эч кандай келишимге келбесе, анда өкмөттү отставкага кетирүү маселесин көтөрүү керек",- деди Кулов.