Алтынбек Сулайманов "Кумтөр" боюнча: "Алтын чырынын аягы жакшылык менен бүтпөйт"

Бүгүн, 26-февралда парламентте "Кумтөр" маселеси талкууланып жатат. Өкмөт "Кумтөрдүн" ишине байланышкан токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат бергенден кийин суроо-жооп уланууда.

Депутат Алтынбек Сулайманов дүйнөдө алтыны көп бай өлкөлөрдүн баары эле бактылуу эмес экенин билдирди. "Алтын чырынын аягы жакшылык менен бүтпөйт. Эгер өкмөт "Кумтөр" боюнча бир чечимге келбесе, анда кенди токтотуп салалы. Колубуздан келе турган башка ишти кылалы",- дейт депутат.

Андан соң депутат "эгер өкмөт "Кумтөр" маселесин чече албаса, отставкага кетсин" деген депутаттарга кайрылып, кмөттү кетирүү менен эч кандай майнап чыкпайт" деген пикирин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан