Өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүүгө дагы убакыт суроодо

Өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүүгө дагы убакыт суроодо. Парламенттин 26-февралдагы жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев сүйлөшүү аягына чыгайын деп калганын айтты. "Сүйлөшүүлөр 95 пайызга аяктады. 2 маселе боюнча гана бир пикирге келе албай жатабыз. Ошондуктан 1 айлык мөөнөт керек. Сүйлөшүүлөр канчалык эрте бүтсө, маселени парламентке ошончолук эрте алып келебиз",- деди Оторбаев. Парламент депутаттары маселе боюнча эки түрдүү пикирлерди айтышууда. Көпчүлүгү убакытты создуктурганы үчүн өкмөттү күнөөлөөдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан