"Кумтөрдүн" аймагынан жалпы 70 миллион метр куб мөңгү талкаланган

"Кумтөр" кенинин аймагынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 70 миллион метр куб мөңгү талкаланган. Маалыматты парламенттин 26-февралдагы жыйынында өкмөт өкүлдөрү билдиришти. "2012-жылы түзүлгөн комиссиянын чечимине таянсак, 70 миллион метр куб муз алынды. Көз карандысыз эксперттердин чечими боюнча, жалпы 430 миллион метр куб муз ордунан жылган",- деди өкмөт өкүлү. 
Депутаттардын "Талкаланган муздардын айынан мамлекетке канча зыян келтирилди?" деген суроосуна жооп бере алышкан жок. Буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев: "Буга чейин экологиялык чыгымдарды, анын ичинде мөңгүнүн эришин эсептеп чыгуу механизми болгон эмес. Биздин фракция механизмдерди иштеп чыккыла деп Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине тапшырма берген. Бирок эки барак механизмди иштеп чыга албай койду эле, депутат Эркингүл Иманкожоева даярдап чыкты",- деп билдирген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан