Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутаттар "Центтера" "Кумтөрдөн" кенди жер астынан казууга эмнеге каршы чыкканына кызыгышты. "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов бул маселе кайрадан талкууланып жатканын билдирди. "Буга чейин кенди иштетүүчүлөр мындай ыкмада иштөөгө мүмкүн эместигин айтып баш тартышкан. Жогорку Кеңеш тапшырма бергенден кийин бул маселени кайра көтөрдүк, азыркы учурда талкуулап жатабыз. Мындай ыкмада иштөө чыгашаларды көбөйтөт",- деди Мамытов.