Депутаттар "Центерра" 20 жылда 1 миллиард 226 миллион доллар таза киреше тапканына ишенбей турганын айтышты

"Центерра" 1994-жылдан 2014-жылга чейин 1 миллиард 226 миллион доллар таза киреше тапты" деген маалыматка ишенбейм, мен эле эмес башкалардын деле ишениши кыйын",- деп билдирди парламенттин 26-февралдагы жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев. Депутатка "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов буларды айтты: "Жыл сайын ишканада тышкы аудит жүргүзүлөт. Ошолордун берген маалыматын айтып жатам, анан кантип силерге башкача маалымат берем? Мен ошол документке ишенем".
Мындан кийин вице-спикер Төрөбай Зулпукаров "сиздин ишенериңизди билдик, бирок депутаттар ишенбейт" деп билдирди. 
Айта кетсек, жыйында "Центерра" 20 жыл ичинде 6 миллиард 894 миллион доллар киреше таап, мунун 5 миллиард 668 миллионун кен казуудагы чыгымдарга жумшаганы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан