"Кумтөр" боюнча жаңы ишкана түзүлсө, ишканага байланыштуу 20 жылдан берки бардык документтер кыргыз тарапта калат. Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов билдирди. "Бардык документтер "Кумтөр Голд Компанинин" базасында, бул биздин көзөмөлдө болот",- деп билдирди. Жыйында депутат Каныбек Иманалиев тийиштүү адамдарга иш козгоо үчүн бардык документтер кыргыз өлкөсүндө болушу шарт экенин айткан эле. Депутат "Кумтөр" маселесин чечүүнүн кечигишинен кыргыз өлкөсү жылына 60 миллион доллар жоготуп жатканын кошумчалады.