Кыргызстанда 2012-жылы табият кырсыктарынан 134 чакырым 700 метр унаа жолу бузулган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле өткөн жылы сел, суу ташкындарынын кесепетинен 9 көпүрө жана 27 суу өткөрүүчү түтүк талкаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, табият кырсыгынан мамлекетке 202 миллион 900 миң сом зыян келтирилген.