Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөткө дагы 1 ай мөөнөт берди

Жогорку Кеңеш 26-февралда "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Өкмөт үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөр 95 пайызга аяктап калганын, 2 маселе боюнча бир пикирге келе албай жатышканын жарыялады. Бул үчүн дагы 1 ай мөөнөт сурады. Депутаттардын көбү бул маселеде өкмөт алсыздык кылып жатканын айтышты. Жыйынтыгында парламенттин токтому кабыл алынды. Токтомдо төмөнкү пункттар бар:
1. "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын. (Токтомдун бул пунктуна 71 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди). 
2. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү 1 айлык мөөнөттө (26-мартка чейин) аяктасын жана "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүү боюнча келишимдин акыркы долбоорун парламентке сунуштасын. (Бул пунктка 78 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди).  
3. Өкмөт 2015-жылдын 16-мартына чейин "Кумтөрдүн" мүлкүн улутташтыруу боюнча мыйзам долбооруна расмий корутунду берсин жана мыйзамды ишке ашырууга байланыштуу тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзсүн. (Бул пунктка 77 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди). 
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетине жүктөлсүн. (Бул пунктка 79 депутат "макул" деп добуш берди). 
Токтомдун өзү 76 депутаттын добушу менен кабыл алынды. Өкмөт 1 айдан кийин парламентке сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Эгер андагы жыйынтык да депутаттарды канааттандырбаса, анда "Кумтөрдү" улутташтыруу процесси башталмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан