Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын лидерлеринин 26-февралда "Кумтөр" талкуусунда айткан сөздөрү

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" чырына чекит коюуга бул жолу да ашыкпады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин "Центерра" менен сүйлөшүүлөр 95 пайызга аяктап калды, дагы азыраак убакыт бергиле" деген сөзүнө көнүп, сүйлөшүүлөрдү биротоло жыйынтыктоо үчүн өкмөткө дагы 1 ай убакыт берди. Талаш катуу болду. "Бир жылда жыйынтык чыгара албаган өкмөт 1 айда кыйратып жибериши күмөн" дегендер, ушул шылтоонун аркасы менен Оторбаевдин өкмөтүн отставкага узатып жиберүүнү көздөгөндөр арбын чыкты. "Кыркына чыдадык, эми бирине да чыдайлы" дешкен депутаттар акыркы жыйынтыкты парламентте 26-мартта талкууламай болушту. Парламенттин 26-февралдагы жыйынында 5 фракциянын тең лидерлери бул чуулуу маселе боюнча акыркы позицияларын билдиришти.

Максат Сабиров, "Республика" фракциясынын лидери:

- Биздин фракция үлүшүбүз 67 пайызга жетпесе, анда "Кумтөрдү" улутташтыруу керектигин чечкен. Бүгүнкү өкмөт экологиялык маселелерди аягына чыгарган жок. Бир жылдан бери соттук процесстер токтоп калды, каржылык, техникалык аудит жүргүзүлгөн жок. Мамлекетти "Центерра" башкарып жаткандай таасир калтырууда, каалаганын жасап жатат. Бул жылдар аралыгында ачык ыкма менен 400 тонна алтын казылды, кенде дагы 200 тоннадай алтын калды. Алар кенди жер астынан казууга каршы болушту, ачык казуу менен кете берсе, 2026-жылы калган алтындан да айрылабыз. Ошондо келишим түзүп эч ким менен иштеше албай калабыз. Өкмөттүн ишин жетишсиз деп эсептейбиз жана өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштайбыз.

Жылдыз Жолдошова, "Ата Журт" фракциясынын лидери:

- "Кумтөрдөй" кен дүйнөдө болгону төртөө эле. Ушундай байлыгыбыз туруп аны башкалардын колуна өткөрүп бергени жатабыз. Анан эмне болот, үлүшүбүз 50 пайызды түзүп калабы? Мындай болбошу керек. Кыргыз өлкөсүнүн үлүшү 70 пайыз болушу шарт. Же үлүштү 50х50 пайыздан бөлчү болсок, анда түшкөн кирешени эмес, уютулган алтындын өзүн теңме-тең бөлөлү. 

Феликс Кулов, "Ар-намыс" фракциясынын лидери: 

- Өкмөт "Кумтөр" маселесин эки жол менен чече алат. Биринчиси - биргелешкен ишкананы түзүү. Экинчиси - улутташтыруу. "Эгер улатташтырсак, ишкана токтоп калат" деген туура эмес маалыматтарды айрым басылмалар жазышкан. Бизде деле бул кенди өндүрө ала турган ишканалар бар. Айтып коёюн, мен улутташтырууну эмес, компромисттик чечимди колдойм. Бирок канадалыктар менен келишимге келүүдө мамлекеттик кызыкчылык эске алынбаса, анда улутташтырууга аргасызбыз. Улутташтырган соң 131 миллион долларды компенсациялоого туура келет, бирок жылдар ичинде биздин соттошууга акыбыз бар. Ошондой эле сотко 3 миллиард доллар боюнча утурлама доо арыз менен кайрыла алабыз. Ошондуктан өкмөт улутташтыруудан эч коркпой, өз позициясына бекем турушу керек. Эгер өкмөт 9-апрелге чейин "Кумтөр" боюнча улуттук кызыкчылыкка жооп бербеген келишимге келсе же эч кандай келишимге келбесе, анда өкмөттү отставкага кетирүү маселесин көтөрүү керек".

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери:

- Биздин укугубуз - "Кумтөрдү" тартып алабыз. Туура, анча-мынча чыгымын төлөп берүүгө туура келет, бирок мунун да жолу бар. Экологиялык зыянды эсептеп чыгып, "5-6 миллиард доллар карыз болдуң" деп "Центерранын" моюнуна илип коюуга эмнеге болбосун? Алардан корккондун ордуна карыз кылып өлкөдөн кууп чыкпайлыбы? Канадалыктар түрмөгө камалбай өлкөбүздөн аман чыгып кеткенине кубанышы керек. Парламент "Кумтөрдө" казуу иштери жер алдынан жүргүзүлсүн" деп чечим чыгарган. Анан эмне болду, "Центерра" тоготпой туруп "жер алдынан казбайм, жердин үстүнөн казып, мөңгүңдү талкалашым керек" деди. "Парламент койгон талаптарга макул эмеспиз" деди. "Колуңардан эмне келет? Силер эгемендүү эл эмессиңер, мамлекет эмессиңер" деп жатат. "Эгер мындай болсо, анда ишкананы токтотуп кетип калабыз" деп коркутту. "Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдү" токтотобуз дегендер 15 жылга камалышы керек" деген мыйзам сунуштап, эки окуудан өткөн. Бирок "Центерра" ишкананы токтотууну айтып реалдуу коркута баштаганда, кечирип койгула, депутаттар, ошол мыйзамды өткөрбөй, "жыгылтып" койдуңар го? Мына-мына ишке өтөйүн деп, "Центерра" менен чабышып, жакалашканы калганда, Курманбек баатырга атасы атын бербей койгондой кылып мыйзамды экинчи окуудан өткөрбөй койдуңар го? Бул жерде "Кумтөр" эле эмес, өлкөнүн эгемендүүлүгү тууралуу кеп болууда. Улутташтыруу үчүн президент, парламент, өкмөт, соту менен милициясы, керек болсо кылмыш дүйнөсү да кыргыздын таламын талашуусу керек.  

Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери:

- Өмүрбек Чиркешович айтты (Текебаев - ред.), "Кумтөр" маселесин чечүүнүн 2 гана жолу бар: биринчиси - улутташтыруу, экинчиси - "Центерра" ишканасына "багынуу". Менимче, улутташтыруу - эң акыркы ыкма. Ал эми "багынуу" дегени туура эмес, "компромисттик чечим" дешибиз керек. Өкмөт "Кумтөрдүн" акцияларынын үлүштөрүн 50х50 кылып бөлүп, чечимге келүүсү туура. Кеп анын аткарылышы же аткарылбашында болууда. Эгер чече албаса, анда бул өкмөттү тезинен отставкага кетирип, маселени чече турган башка өкмөттү алып келишибиз керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан