Парламенттеги КСДП фракциясы 27-февралда Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоону каржылоо боюнча кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого аталган банк 55 миллион доллар бөлгөн. "Иштердин негизги көлөмүн 2015-жылы бүтүрүү пландалган, бирок бийик тоолуу аймактагы катаал шартты эске алганда жана жолдун сапаттуу курулушу үчүн кошумча иштерди аткаруу сунушу киргизилген",- деди Султанов.
Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков Бишкек - Торугарт унаа жолунун сапатына катуу көзөмөл кылууну талап кылды.