Темирбек Бекмаматов: "Өлкөдөн 3 тонна алтындын чыгарылышы тууралуу Садыр Жапаровдун айтканы далилденген жок"

"Кыргыз өлкөсүнөн 3 тонна алтындын чыгарылып кеткени тууралуу Садыр Жапаровдун айтканы далилденген жок". Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов билдирди. "Жапаровдун китеби чыккандан кийин 3 тонна алтын тууралуу маалымат текшерилди. Буга катыштыгы бар делген бардык адамдар суралды. Биздин маалымат боюнча, алтын чыгарып кетүү фактысы болгон эмес",- деди Бекмаматов. 
Башкы прокурордун биринчи орун басары бул маалыматка байланыштуу кылмыш ишин ачуудан баш тартылганын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан