Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 26-февралда Пакистандын президенти Мамнун Хуссейн менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн саясий байланышын активдештирүү зарылдыгын белгилешип, мунун алкагында жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, парламенттер аралык мамилени бекемдөө керектигин айтышты.
ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Пакистандын президенти аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташууну күчөтүү тууралуу кыргыз тараптын пикирин колдой турганын айтты.