Мэр Иса Өмүркулов Бишкектеги коомдук унаалардын ишин сынга алды

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов коомдук унаалардын ишин сынга алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, техникалык жана санитардык нормаларга жооп бербеген жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар каттамдан четтетилет. "Бул унаалар оңдолуп, түзөлмөйүнчө иштөөсүнө уруксат берилбейт”,- деди шаар башчысы. Мындан сырткары мэр тиешелүү органдар тарабынан коомдук унаалардын иш убактысы көзөмөлгө алынбай жаткандыгын айтып, тапшырмаларды берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан