Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясы 27-февралда Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоого 15,1 миллион доллар көлөмүндө кошумча каржылоо боюнча кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Айта кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого аталган банк 55 миллион доллар бөлгөн. Иштердин негизги көлөмүн 2015-жылы бүтүрүү пландалган, бирок бийик тоолуу аймактагы катаал шартты эске алганда жана жолдун сапаттуу курулушу үчүн кошумча иштерди аткаруу сунушталган.
Буга чейин аталган мыйзам долбоорун парламенттеги КСДП жана "Ата Журт" фракциялары жактырган.