Бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн ортосунда маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууга, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенишүү перспективаларына тиешелүү маселелер талкууланды.
Алмазбек Атамбаев менен Рамил Гасанов үстүбүздөгү жылы Казакстан Республикасында өткөрүлө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V саммитине даярдыктын жүрүшүн талкуулады.
Президент аталган кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосунда саясий диалогду жана маданий карым-катнашты мындан ары активдештирүүнүн маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө кошумча дем берип жаткан Аксакалдар кеңешинин жемиштүү ишин белгилеп, штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу менен Көчмөндөр маданиятынын борборун түзүү тууралуу идеяга токтолду.
Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров дагы катышты.