11-февралда акыйкатчы Турсунбек Акундун айыпталуучулардын укугунун корголушу боюнча №1-СИЗОдо жүргүзгөн мониторинги учурунда аталган жайда 1 камеранын ичинде 20 аял отурганы белгилүү болду. Алардын арасында 4 айлык жана 5 айлык боюнда бар 2 айым жана жаш балдары менен чогуу 3 аял отурат. Мындай кабарды Турсунбек Акун билдирди. "Негизи, балалуу аялдар кош бойлуулардан бөлөк жайда отурушу керек эле, аталган жайда бардыгы бир камерада эле отурат экен, бирок бул СИЗОнун күнөөсү эмес, ар бирин өзүнчө бөлүп кармаганга каражат жетишсиз",- дейт Акун.