11-февралда акыйкатчы Турсунбек Акун өз кызматкерлери менен бирге Бишкектеги №1-СИЗОдо отурган айыпталуучулардын укугунун корголушу боюнча мониторинг жүргүздү. Анда акыйкатчы 1993-жылы туулган К. кызы Т. менен сүйлөшүп, ал кыз бир унаанын сыртын чийип салганы үчүн 2012-жылдын 26-ноябрында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан сабалып, ошол кылмышы үчүн 2 жылга эркинен ажыратылганын айткан. Турсунбек Акундун айтымында, соттун чечимине макул болбогон кыз ишти кароо үчүн кайрадан арыз жазган. Ушул себептүү СИЗОдо отурат. Ошондой эле мониторинг жүргүзүү учурунда камакка алынган жарандар кылмыш ишин кароо көпкө чейин созулуп жаткандыгын жана сот иши негизсиз эле жылдырылып жаткандыгын айтышты.