КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев 2013-жылы салык чогултуу боюнча план аткарылбаса, өз эрки менен кызматтан кете турганын билдирди.
Масалиев мындай билдирүүнү бүгүн, 12-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен аталган мекеменин 2012-жылдагы жыйынтыгын чыгаруу боюнча өткөн жыйында айтты.
Маалым болгондой, 2013-жылы 40 миллиард 426,5 миллион сом салык чогултуу пландалууда. Ал эми 2012-жылы салык топтоо планы 35 миллиард 832,6 миллион сомду түзүп, 35 миллиард 69,2 миллион сом чогултулган.