Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алган. Мыйзамдын максаты - кыргыз өлкөсүндө оң рулдуу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын азайтуу.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын 21-беренеси коммуналдык чарба, айыл чарбасы жолдорду куруу үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), кыргыз өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө пункт менен толукталат. Башкача айтканда, оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле аталган мыйзамдын 2-беренеси "рулдук башкаруусу сол тарабында жайгаштырылган транспорт каражаты", "рулдук башкаруусу оң тарабында жайгаштырылган транспорт каражаты" деген түшүнүктөр менен толукталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.