Вице-спикер Бөдөш Мамырова, Гүласал Садырбаева жана башка парламент депутаттары 27-февралда Кореянын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту. “Биз Түркиянын тажрыйбасын иликтедик, бирок Азия өлкөлөрүндөгү билим берүү тутуму менен таанышуу зарылдыгы бар”,- деген Мамырова билим берүү тармагы олуттуу реформаларды талап кылып жатканын айтты. Мамырова Корея агроөнөржай комплекси жана саламаттыкты сактоо тармактарына чоң жардам берип жатканын айтып, билим берүү жаатындагы көйгөйлөргө дагы көңүл бурууну өтүндү.
Элчи колдоого жана жакшыртууга муктаж болуп турган кыргыз мамлекетинин билим берүү тутумуна токтолду. “Бизде мыкты техникалык билим берүү бар, ал эми гуманитардык багыт жактан аксоодобуз. Мен кыргыз жеринде мындай айырмачылыктарга жол берилбейт деп ишенем”,- дейт элчи.