Жаныш Бакиевди кайтарып берүү боюнча кыргыз бийлигинин билдирүүсү Беларуста 23 өлкөнүн элчилигинин өкүлдөрү менен талкууланды

Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчилигинде 27-февралда Беларусь аймагында жашынып жүргөн Жаныш Бакиевди кайтарып берүү боюнча КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүнө байланыштуу брифинг өттү. Бул тууралуу 28-февралда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Брифингге Израиль, Латвия, Литва, Германия, Улуу Британия, АКШ, Эстония, Франция, Казакстан, Орусия, Индия, Украина, Молдова, Түркмөнстан, Иран, Кытай, Ливия, Куба, Вьетнам, Польша, Грузия, Болгария, Чехиянын элчиликтеринин жана ЕККУ менен Евросоюздун өкүлдөрү катышты. 

"Брифингге катышкандар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүн түшүнүү менен кабыл алышты. Күнөөлүү адамдар тиги же бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектиги боюнча кыргыз тарап менен бир пикирде болушту",- деп билдирет ТИМ. 

Катышуучулар "Демократиялуу Кыргыз Республикасы. Тарыхка өзгөртүү киргизген күн" аттуу фотокөргөзмө менен таанышышканы айтылды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан