Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын берүү жана салык мыйзамдарын колдонуу тартиби боюнча салык төлөөчүлөр менен семинарларды өткөрүүдө. Мекеменин басма сөз кызматынан 2-мартта билдиришкендей, салык төлөөчүлөр менен алгачкы жолугушуу Бишкекте өтүп, анда өлкөнүн Бажы союзуна киришинен кийин өзгөрүүчү салык мыйзамдары тууралуу да маселе каралды. 
"Кыйыр салыктарды тескеп-башкаруу боюнча Бажы биримдигинин функциялары салык кызматына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу кыйыр салыктарды тескеп-башкаруу жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоонун документтерин ырастаган тизмекке карата талаптар өзгөрөт. Анан, албетте, жүк Бажы биримдигинин декларациясын берүүнүн зарылдыгы да болбой калат. Импорттоочулар салык органдарына кыйыр салыгы боюнча отчётту жана арызды, ошондой эле көнүмүш эсеп-фактураларды, салыктардын төлөнгөндүгү тууралуу банктан көчүрмөнү, келишимдер жана контракттарды берүүгө милдеттүү болушат. Бажы чек араларынын ачылышынан кийин салыктарды төлөөдөгү айырма, импорттоочуларга бажылык нарк менен эмес, фактуралык нарк менен салык салынганында турат, бул, албетте, кошумча нарк салыгынын өлчөмүнө таасирин берет. Ал азыраак болот жана бул импорттоочулар үчүн жакшы”,- дейт Мамлекеттик салык кызматынын окутуу бөлүмүнүн башчысы А.Осмонкулова.

Кезектеги семинар бүгүн, 2-мартта Таш-Көмүр шаарында өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан