Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов өткөн аптанын аягында Түркиянын Невшехир провинциясынын губернатору Мехмет Жейлан жана Невшехир шаарынын мэри Хасан Унвер менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматынын 2-мартта билдиришинче, жолугушууда маданий-гуманитардык, соода-экономикалык, туристтик байланышты мындан ары бекемдөө тууралуу пикир алышуу болду. Мындан тышкары өлкөлөрдүн облус жана шаарларынын ортосунда байланыш түзүү маселеси талкууланды.