Жогорку Сот ЖКнын депутаттарынын маянасын коомчулукка ачык жарыялабоо тууралуу чечим чыгарды

КРнын Жогорку Соту 7-февралда депутаттардын айлык маянасын коомчулукка ачык жарыялабоо тууралуу чечим чыгарды. Айта кетсек, 2012-жылдын январь айында “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук уюму “5-чакырылыштагы депутаттардын айлык акысы канча?” деген суроо менен парламентке кайрылып, бирок жооп ала алган эмес. Андан соң бул уюм Бишкектин райондор аралык сотуна арыз жазып, андан утуп чыккан. Ал эми парламент өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазып, шаардык сот аталган коомдук уюмдун пайдасына чечим чыгарып берген. Аягында Жогорку Сот райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, депутаттардын айлыгы коомчулукка жарыяланбашы керектиги тууралуу чечим чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан