Мурунку жылдары абитуриенттерди кабыл алуудагы талап бузуулардын бири - айрым жогорку окуу жайларда босоголук баллдын төмөндөтүлүшү болгон. Муну 2-мартта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Буга чейин бюджеттик орундар үчүн 110 балл (жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде), келишимдик негизде окуу орундары үчүн 105 балл, дистанциялык негизде окуу орундары үчүн 95 балл жетиштүү болуп, айрым окуу жайларга босоголук баллды төмөндөтүү менен абитуриенттерди кабыл алууга уруксат берилип келгени айтылды. "Билим берүү жана илим министрлиги быйыл бирдиктүү жана түшүнүктүү системди орнотууда. Жогорку окуу жайга өтүүнү каалагандардын баллы 110дон кем болбошу зарыл. Предметтик балл мурункудай эле бойдон калат (60 балл)",- деп билдирет министрлик.