Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети эшектин этине байланышкан чуу боюнча жыйынтык чыгарууга өкмөткө 15 күн берди.
Комитет төрагасы Сайдулла Нышановдун бул маселе коомчулукта чоң талкуу жаратканын белгилеп, буларды айтты: "Бул боюнча бир топ укук бузуулар болгону байкалды. Күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындан тышкары айрым мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү керектиги депутаттар тарабынан сунушталды. Өкмөт муну эске алышы керек",- дейт депутат.