Алмазбек Атамбаев "президенттин жанындагы чиновниктерге кылмыш ишин козгоого документ даярдалган" деген маалыматты иликтөө тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчынын айланасындагы чиновниктерге кылмыш ишин козгоо боюнча даярдалган документтер тууралуу Расул Умбеталиевдин маалыматын дыкат иликтөө тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. 
"Алмазбек Шаршенович бул маалымат боюнча бардык жагдайларды териштирүүнү башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырды. Президент "Башкы прокуратурада ушундай документтер болгонбу, эгер болсо, анда эмне үчүн алар боюнча териштирүүлөр жүргөн эмес жана кылмыш иши ачылбаган?" деген суроолорго коомчулук жооп алышы керек деп эсептейт",- деп билдирет Ниязов. 
Эскерте кетсек, жакында коомдук ишмер Расул Умбеталиев маалымат жыйынында "Аида Салянованын кызматтан кетишинин негизги себеби - ал башкы прокурор болуп турганда президенттин айланасындагы чиновниктерге кылмыш ишин козгоо боюнча документтерди даярдаган" деп билдирген эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан