Жеңил таксилер менен жүргүнчү ташыгандардын жоопкерчилиги күчөтүлүүдө

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети такси кызматынын айдоочусун жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузганда жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоордун негиздеме-маалым катында төмөнкүлөр айтылат: еңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуу Кыргыз Республикасындагы автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде көрсөтүлгөн, бирок жеңил таксилер менен ташуу ишмердүүлүгү лицензияланбагандыктан, бул ташуулардын орнотулган нормаларын аткаруу механизми жок. Бул себептен жеңил таксинин айдоочусу, жеңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташуудагы эрежелердин белгиленген талаптарды бузганда жоопкерчилик тарта турган №213-9 – өзүнчө берене киргизилип жатат.

234-2 жана 234-3-беренелери менен автомобиль жана суу транспортун жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишмердүүлүгүн мыйзам ченемдүү текшерүүсүнө тоскоолдук кылууга карата милдеттер камтылды".

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жана ата мекендик жүргүнчү ташуучулардын ишмердигин жөнгө салат, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу ишмердигинин укуктук жөнгө салынуусун бир топ жакшыртат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан