ЖКнын депутаты Урмат Аманбаева медицина тармагында колдонулуучу баңги дары-дармек каражаттарын, психотроптук каражаттарды колдонууга лицензия берүү жана аны көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Депутат мындай пикирин бүгүн, 12-февралда ЖКнын социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирип, буга чейин психотроптук каражаттарды колдонууга мамлекеттик орган тарабынан эч кандай көзөмөл болбогонун айтты. "Азыр дарылоо иштеринде колдонулуучу баңгизаттар сатыкка чыгарылып, оорулуу адамдар аны базардан эле сатып алып жатышат",- деди эл өкүлү.