Кыргыз өлкөсүндө энергетика тармагы боюнча 2015-жылдын 2 айында 4 кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитети 2-марттагы жыйынында "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан аткарылышын талкуулады. Жыйынга катышкандар аталган министрликте коррупцияга каршы иш-чаралар жакшы деңгээлде эмес экенин, электр энергиясын өндүрүүдөн баштап сатууга чейинки процессте коррупциялык схемалар бардыгын белгилешти. Депутат Дастан Жумабеков энергетикалык тармакта кызматтык шалаакылыгы үчүн бир дагы чиновник жоопкерчиликке тартылбаганын айтты. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, 2014-жылы тармакта 20, 2015-жылдын 2 айында 4 кылмыш иши козголгон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан