Бүгүн, 12-февралда 2010-жылдын Апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот ишинде Мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” атайын даярдыктагы аскерлеринин 3-бөлүгүнүн кызматкери Акылбек Ниязов тергөө иштери учурунда кысым болгонун айтты. “Тергөөдө командирлер Данияр Дунганов жана Нурлан Темирбаев экөө тең өз күнөөлөрүн моюнга алышты" деди тергөөчү. Андан соң эл бизге нааразы экенин билдиргенде, мен тергөөчүнүн айтуусу боюнча Дунганов жана Темирбаевге каршы көрсөтмө жазгам. Ал эми Дунганов ошол күнү бизди Ак үйдөн чыгарып кеткендиги үчүн азыр баарыбыз тирүүбүз. Ошондой эле 7-апрель күнү рация аркылуу билдирилген буйруктарды ким берип жатканын мен айта албайт болчумун. Анткени ал учурда менин күзөт кызматында иштегениме болгону 2 ай эле болгон”,- деди Ниязов.