Баткен шаарынын мэри болуп шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын өкүлү Жаныбек Жалалов шайланды. Бул тууралуу “Замандаш-Современник” партиясынын басма сөз кызматы билдирет. Бүгүн, 12-февралда болгон мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоодо Жалалов 31 депутаттын ичинен 18 депутаттын добушун алды. Ал эми анын атаандашы Мамашарип Орозбаев 12 добуш алса, 1 депутат 2 талапкерге тең каршы добуш берген.