Абдырахман Маматалиев "мындан ары милициянын иши статистикалык маалыматтар менен бааланбайт" деди

Мындан аркы кыргыз мамлекетинде милициянын иши мурункудай статистикалык маалыматтар менен эмес, элдин ишеними менен бааланат. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 2-мартта БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын өкүлү Анна Матвеева менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда мамлекеттик органдарга улуттук азчылыктын өкүлдөрүн тартуу маселеси талкууланып, Маматалиев ички иштер органдарын реформалоо алкагында кадрлар сынак аркылуу гана алынып жатканын айтты. 
"Кызматкерлерге жекече баа берүү нормасын киргизүүдөбүз, мында кызматкердин кесиптик милдеттерин аткаруу деңгээли белгилүү болот. Мындай шартта этникалык өзгөчөлүгүнө карабай, атайын тандоодон өткөн кызматкер органдарда иштеп кете алат",- деди Маматалиев. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан