"Күн сайын Тейлөө борборлору 800-1000 адамды кабыл алат. Мурда жарандар маалымдамаларды ар кайсы жерден алууга мажбур болушкан, натыйжада алар документ алууга көп убакытын сарпташкан. Биз иштеп чыккан концепцияга ылайык, жарандардын тез жана ыңгайлуу түрдө документ алуусуна шарттар түзүлгөн”. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборуна барганда билдирди.
Оторбаев учурда республика боюнча калкты тейлөөчү 55 борбор иштеп жатканын белгиледи. "Биз мындай тутумду өлкөгө тегиз жайылтканы жатабыз. Ош шаарында да Бишкектегидей эле Калкты тейлөө борборун түзүү пландаштырылууда”,- деп белгиледи премьер-министр.