Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө байланыштуу аудиттен баш тарткан курулуш компанияларын лицензиядан ажыратуу сунушталды

Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө катышкан, бирок аудиттик текшерүүдөн баш тарткан жалданма курулуш компанияларына катуу чара көрүүгө чакырды. Муну Ибраимова 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында айтты.

Ибраимова аталган компаниялар мамлекеттик бийликтин талаптарын аткармайынча Каржы министрлигинин "кара тизмесине" киргизүүнү сунуштады. "Алардын иштерин сотко чейин жеткирүү керек. Мындан тышкары ошол жалданма компанияларды лицензияларынан ажыратуу чарасын көрүү керек",- деди палата төрайымы комитет өкүлдөрүнө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан