Депутат Каныбек Осмоналиев менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды текшерип чыгуу керектигин айтты
ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев тиешелүү жыйында менчиктештирилип кеткен бала бакчалар боюнча маселени көтөрдү. "Айдан ачык эле коррупция болуп жатат. Мисалы, Кара-Балтада мурунку бала бакчалардын биринин имараты арак заводго айланган. Эми ошол арак заводду кайра өкмөткө сатканы жатышыптыр. Кезинде 10 миң сомго алынган имараттарды 10 миллион сомго кайра сатыкка коюп жатышат. Өкмөттүн эсебинен аны сатып алууга гана каражат коротулбастан, аны кайрадан бала бакчага айлантууга акча сарпайт",- деди. Комитеттин төрагасы мындай окуялар боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.