Башкы прокуратурага Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө байланыштуу каржылык мыйзам бузууларды териштирүүгө 3 ай убакыт берилди. Мындай чечим бүгүн, 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында кабыл алынды.
Комитет жетекчилери чечимди макулдашып, төмөнкүлөргө токтолушту:
1. Башкы прокуратура Эсептөө палатасы менен биргеликте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө каражат жагынан канча зыян келтирилгенин аныктасын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге юридикалык баа берилсин.
3. Башкы прокуратура 3 ай ичинде аталган шаарларды калыбына келтирүүгө байланыштуу каржылык мыйзам бузууларды териштирип, отчёт берсин.