Жогорку Кеңештин депутаты
Жоомарт Сапарбаев 2015-жылдын күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоодо Бишкек шаарынан талапкер болуп чыгат. Маалыматты бүгүн, 3-мартта
SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан билдиришти. Депутат лыжа тебүүдө алган жаракатынан улам учурда экинчи операцияга даярданып жатканы айтылды. Сапарбаев быйылкы кышта лыжа тээп жүргөндө жаракат алып, бутуна операция жасаткан.
Эскерте кетсек, кыргыз саясатчыларынан лыжадан жаракат алгандардын катарында экс-башкы прокурор Аида Салянова менен Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков бар. Төрага быйыл кырсыктап бутуна операция жасатса, экс-башкы прокурор 2014-жылдын январында лыжа базаларынын биринде кырсыкка учурап, акырегин сындырган.