Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 3-марттагы жыйынында баалуу металлдардын куймаларын жүгүртүүгө чыгарууга багытталган мыйзам долбоору каралып, 3 окууда жактыруу чечими кабыл алынды.
Демилгечи депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө алтын жана күмүш куймалары башкы валютанын атаандаштарынын бири катары каралат. Өлкөдөн жылына 17 миң тонна алтын, 5 миң тонна күмүш чыгарылып кетет. Ошондуктан алтын жана күмүш сындуу баалуу металлдарды өндүрүп жаткан кыргыз өлкөсүндө аларды товарга айландыруу демилгеси көтөрүлүүдө.“Мисалы, Улуттук банкка 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы алтын куймаларын жасоо жана аларды калкка сатуу сунушталып жатат. Алтынды азыркыдай дүңүнөн сатканга караганда товар түрүндө сатуу мамлекет үчүн пайдалуу”,- дейт Турсунбеков.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алтын башка валюталарга салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп, демилгени колдой турганын айтты.