Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 3-мартта коомдук кабылдама аркылуу жазылган жарандарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрү талкууланды. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, вице-премьер 40 жаранды кабыл алган. Тургундар карыларга турак жай бөлүп берүү, жумуш табууга жардамдашуу, ооруган жакындарына медициналык жактан жардам берүү суранычтарын айтышты. Ниязалиева маселелердин айрымдарына жооп берсе, калгандарын дыкат иликтеп чыккандан кийин жообун берерин билдирди.