"Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылы тиешелүү салыкты чогулта алган жок". Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган кызматтын коллегиялык жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. “Быйыл салык өткөн жылдагыдан 6 миллиард сомго көп чогулушу керек. Эгерде айдын аягында планды аткарбасаңар, анда Салык кызматынын райондук, шаардык башкармалыктарынын башчыларына сөгүш жарыяланат. Эгерде экинчи айдын да планы аткарылбаса, анда башчылар жумуштан алынат ”,- деди өкмөт башчы.