Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланыла турганы айтылган. Аларды орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланмакчы болгон. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат. Парламенттен билдиришкендей, каршы пикири менен артка кайтарылган бул мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралганы жатат.