Чет өлкөлөрдөн окуп келгендердин арасында айыл өкмөт башчысы болуп иштеп жаткандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдөн окуп келгендер - кыргыз элинин байлыгы. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир топ мамлекеттердин өкмөттөрү менен мекендештерибизди окутуу боюнча келишимдерди бекиткен. Окуп келгендер жооптуу кызматтарга келип жатышат. Көбү айыл өкмөттөрүн жетектешүүдө. Мындай ишмердүүлүктүн натыйжасы жакшы",- деди Фаттахов.